
Кытайда өткөн математикалык олимпиадада кыргызстандык окуучулар 6 медалга ээ болушту. Бул тууралуу бүгүн, 15-июлда Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, "Газпром Кыргызстан" мектебинин окуучусу Ян Бобрус күмүш медаль, эл аралык UWIS мектебинин окуучусу Элдар Искандеров, Жайыл баатыр атындагы лицейдин окуучусу Искен Кенжебаев, Е.Б.Якир атындагы №61-АФММЛ ОКнын окуучусу Назар Киргизбаев, №70 ОТК МГнын окуучусу Султан Мусаходжаев жана "Газпром Кыргызстан" мектебинин окуучусу Нурсултан Эшперов коло медалга ээ болушту.
Команданын жетекчилери: Мамат Ишматов, Тимур Мамбетов жана Бекжол Жолдубай уулу.
"15-июндан 4-июлга чейин өлкөнүн командасы Кытайдын Пекин шаарында IMSC жайкы программасына катышып, быйыл Англиянын Бат шаарында өтө турган Эл аралык математикалык олимпиадага (IMO) даярданышты", - деп жазылат анда.
Учурда кыргыз курама командасы Англияга жөнөп кеткени маалымдалат.