Жалал-Абадда 39 чакырым аба чубалгысы жаңыланды

Жалал-Абад облусундагы Көк-Арт райондук электр тармактар ишканасында 34 трансформатор оңдоп-түзөөдөн өтүп, 39 чакырым аба чубалгысы жаңыланды. Бул тууралуу бүгүн, 15-июлда Энергетика министрлигинен билдиришти.
Ага ылйык, Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын Көк-Арт РЭТинде 350 трансформатор болсо, анын 60ы быйылкы жылга оңдоп-түзөөгө пландалган. Учурда 34ү бүткөрүлдү.
"Утурумдук оңдоп-түзөө жумуштарына 274 трансформатор мерчемделип, анын 191и ондолуп бүттү. Ал эми 0,4-6-10 кВт чыңалуудагы аба чубалгыларында 84 чакырым мерчемделсе, анын 39 чакырымы ондоп-түзөөдөн өтүп, калган 45 чакырымы күз-кыш айларына чейин оңдолот.
Мындан сырткары Көк-Арт райондук электр тармактары күз-кыш айларына чейин 700 даана мамыча орнотот. Алардын 250 даанасы жаңы курулса, 450 даана эскилиги жеткен жыгач мамычалар. Алар темир бетон мамычаларга алмашат. Кызматкерлер пландалган жумуштун негизинде 6 ай ичинде 137 даана мамыча алмаштырышты", - деп жазылат анда.
Көк-Арт РЭТинде 9 көмөк чордонунан чыккан 31 фидер бар. Мында жалпысынан 17 миң 500дөн жогору абонентти 115 кызматкер электр энергиясын үзгүлтүксүз жеткирүүдө кызмат кылары айтылат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан