Евро-2024: Испаниянын жеңишинен кийин Конор Макгрегор миллион доллар утту

Эки салмак категориясы боюнча мурдагы UFC чемпиону Конор Макгрегор футбол боюнча Европа чемпиондугунун финалындагы Испания-Англия беттешинде Испанияга 100 миң доллар коюп, миллион доллар утуп алды.

"Туулган күнүмө миллион евро!" - деп жазган ирландиялык мушкер социалдык тармактагы баракчасына.

Ал финалда Испания 3:1 эсебинде Англияны жеңет деп акча койгон. Эгер эсеп саны ушундай аяктаса Макгрегор 4 миллион доллардан ашык акча утмак.

Бүгүн, 15-июлга караган түнү Германияда Европа чемпиондугунун финалдык оюну болуп өттү. Анда Испания курамасы Англияны 2:1 эсебинде утуп, тарыхында төртүнчү ирет Европа чемпиону болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан