УКМК Кочкор-Атада мамлекеттик кызматта иштегендерди кармады

УКМК тарабынан жеке турак жай куруу үчүн 600дөн ашуун жер тилкесин берүүдө коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматы кабарлады.

Тактап айтканда, Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Тоскоол-Ата токой чарбасынын жана Э.Алиев айылынын балансында турган 80 гектар жер тилкесин өткөрүп берүүдө трансформацияланган эмес. Ал эми аталган бир жер тилкесинин баасы учурда 400 миң сомдон 1 миллион сомго чейин жетет.

"Ноокен районунун «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жооптуу адамдары Ноокен райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы, Кочкор-Ата шаарынын мэриясы жана Кочкор-Ата шаардык кеңешинин депутаттары менен сүйлөшүп алып, 2008-жылдан бүгүнкү күнгө чейин мыйзамсыз жер тилкелерин жана кызыкдар жактарга укук берүүчү документтерди берип келишкен. Жогорудагы жер тилкелери айыл чарба багытындагы жерлер категориясына кирери жана жеке турак жай курууга арналбаганы аныкталган", - деп билдиришти УКМКдан.

Мындан улам аталган фактылар боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 13-июль күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын мурдагы башчысы О.А., Ноокен райондук “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин адистери жана жетекчиси М.Ж., С. Б., О.Д., Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин башчысы Ш.А., Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин мурдагы депутаты – жер маселелери боюнча комиссиянын төрагасы Д.Б. УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда аталган мыйзамсыз аракеттерге катыштыгы бар башка кызмат адамдарын кылмыш жоопкерчилигине тартууга багытталган комплекстүү ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан