Англиянын футбол федерациясы футбол боюнча Европа чемпиондугунун финалындагы жеңилүүдөн кийин күйөрмандарына кайрылуу жасады.
"Биз сиздерге, биздин кураманы турнир бою укмуштуудай колдогонуңуздар үчүн ыраазычылык билдиребиз", - деп айтылат команданын басма сөз кызматынын социалдык тармагындагы билдирүүсүндө
Буга чейин финалда жеңилип калган Англия курамасынын футболчуларын күйөрмандар аэропорттон тосуп ала албай турганы белгилүү болгон, анткени футболчулар жеке терминал аркылуу аэропорттун имаратынан чыгып кетишет.
Англия Европа чемпиондугунун финалында катары менен экинчи жолу утулган тарыхта биринчи команда болуп калды. Өз кезегинде Испания курамасы Еврону төртүнчү ирет утуп алды. Бул Европанын бардык курама командаларынын арасындагы рекорд.