Америка Кубогу: Ырчы Шакира 5 мүнөт ырдаганы үчүн түшкө кирбеген акча алды

Колумбиялык ырчы Шакиранын 2024-жылкы Америка Кубогунун финалынын тыныгуу маалында өзүнүн мини-концерти үчүн канча киреше тапканы белгилүү болду.

Биринчи жолу Америка Кубогунун беттеши "Super Bowl" стилиндеги музыкалык шоу менен коштолду. Ал эми чоң беттештин көркүнүнө ылайык, Шакиранын бул концерти үчүн алган акчасы чоң болгон. Тагыраагы Waka-waka хитинин автору оюндун биринчи бөлүгү аяктаганда 5 мүнөт ыр аткарып, ал үчүн 2 миллион доллар алганын чет элдик басылмалар жазышты.

Беттеш учурундагы тыныгуу 15 эмес, 25 мүнөткө созулган. Ырчынын чакан концертинин өзү 5 мүнөткө жакын убакытка созулуп, калган убакытта чоң сахнаны жана кошумча жабдууларды орнотуу жана демонтаждоо талап кылынган.

Эске сала кетсек, финалда Аргентина курама командасы Колумбияны утуп, экинчи жолу катары менен Америка Кубогун жеңип алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан