Кара-Сууда сел каптаган турак жайларды тазалоого 230 куткаруучу тартылды

Ош облусунун Кара-Суу районунда сел каптаган турак жайларды тазалоого Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 230 куткаруучу тартылды. Бул тууралуу бүгүн, 16-июлда аталган министрликтен кабарлашты.
Ага ылайык, райондун Датка, Манас, Мады, Беш-Булак айыл өкмөттөрүндө куткаруучулар 5 бөлүккө бөлүнүп, сел каптаган турак жайларды тазалоо жумуштары саат 07:00дө башталды.
Куткаруучулар кол каражаттары жана 21 даана мотопомпанын жардамында сел сууларды тазалап, сел калдыктарын коопсуз жайга чыгарышууда.
"Жеринде райондук Жарандык коргонуу кызматтары жана ыктыярдуу элдик кошуун тартылып, жергиликтүү тургундарга өз жардамдарын көрсөтүү жагын колго алып, ар бир сел каптаган үй-бүлөлөргө тийешелүү жардамдар берилүүдө", - деп жазылат анда.
Министрдин орун басары Эделбек Кулматов райондогу кырдаалды жөнгө салуу үчүн министрликтин тиешелүү оор инженердик техникаларын жана куткаруучуларды таратуу менен калыбына келтирүү жумуштарын жеринде көзөмөлгө алып жатканы айтылды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан