Кант шаарындагы сатылган жер тилкелер боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратура бүгүн, 16-июлда билдирди.
Маалыматка ылайык, Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Ысык-Ата филиалынын, Ысык-Ата райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын, Кант шаарынын мэриясынын кызматкерлери жана башка адамдар 2005-2021-жылдары шаардын Гагарин көчөсүндө жайгашкан жер участокторун формалдуу тооруктарды өткөрүү жолу менен мыйзамсыз сатышкан.
"Жер участокторунун бири, тагыраагы 1 гектар жер жеке адамга 78 миң сомго сатылган. Соттук-баалоо экспертизасы аталган жердин баасы 32 миллион сом экенин аныктады. Мындан улам мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген", - деп айтылат маалыматта.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин (Коррупция) негизинде иш козголду.