Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет эл аралык террористтик уюмдун активдүү жактоочусу кармалганын бүгүн, 16-июлда билдирди.
Атайын кызматтын маалыматына караганда, эл аралык террордук уюмдун идеологиясын активдүү жайылтып, экстремисттик жана террористтик мүнөздөгү материалдарды таратканга шектүү А.П. аттуу кыргыз жараны кармалган.
"Таркатылып жаткан сүрөт-видео материалдарда "Эл алдында террористтик ишти жүзөгө ашырууга чакыруу", “Халифатты орнотуу аркылуу конституциялык түзүлүштү кулатуу" белгилери камтылган", - деп айтылат маалыматта.
Кылмыш-процессуалдык кодексинин 97-беренесине ылайык, шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.