Селден улам Каракол–Эңилчек унаа жолу бир тапатуу гана ачык. Кеңейтүү иштери жүрүүдө

Бүгүн, 16-июлда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районун Кадыр-Аке айыл аймагынын Эңилчек айылында кыска мөөнөттүү жааган жамгырдын кесепетинен сел суулары 10 турак үйдүн короосун каптаган. Бул туурасында ӨКМдин маалымат борбору кабарлады.

Маалымдалгандай, жерине ыкчам топ жана аталган айыл аймактын 2 кызматкери тартылган. Жергиликтүү тургундар менен суу нугун буруу аракеттери жасалды.

Ошондой эле Каракол–Эңилчек унаа жолунда 75-76-77-чакырым аралыктарында 4 тилкеде болжол менен 1482 метр куб таш көчкү түшкөнү маалымдалган. Жол бир тараптуу ачык, аны кеңейтүү иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан