18-22-июль аралыгында күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Мындай билдирүүнү Өзгөчө кырдаалдар министрлиги таратты.
Билдирмеге ылайык, туруксуз аба ырайынан улам дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал.
Министрлик селди алдын алуу үчүн арыктарды тазалап, сак болууга чакырды.