Казакстандагы машыгуудан Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн аскерлери жеңиш менен кайтты

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн атайын багыттагы “Скорпион” курамы "Бирлештик-2024" аскердик сынагында чемпион аталды. Бул туурасында бүгүн, 16-июлда Коргоо министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, Казакстандын Мангистау облусунда өткөн эл аралык оперативдүү-тактикалык командалык-штабдык машыгуу жыйынтыкталды. Ага Азербайжандын, Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын Куралдуу күчтөрүнүн аскер кызматкерлери катышкан.

“Окуу-машыгуу конкурсунда эки негизги программага катышып, кыргыз аскерлери өз дареметин көрсөтүп, биринчи орунду камсыздашкан. Уюштуруучулардын чечими менен дагы кошумча кол күрөш, футбол, аркан тартышуу, таш көтөрүү сыяктуу турнирлер өткөрүлүп, алгылыктуу жыйынтык көрсөтө алышты. Жыйынтыгында “Бирлештик-2024” эл аралык оперативдүү-тактикалык командалык-штабдык машыгуусунун жетекчилиги кыргыз аскерлеринин күжүрмөн даярдыгына жогорку баа берди”, - деп айтылат маалыматта.

Казакстанда кыргыз скорпиончулары жеңишке жетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан