Испанияга баңгизат ташып кирүү боюнча издөөдө жүргөн адам Кыргызстандан кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, эл аралык издөөдө жүргөн 1985-жылы туулган Д.К. аттуу жаран 13-июлда "Манас" аэропортунан кармалган. Ал Испаниянын Кылмыш-жаза кодексинин "Коомдун ден соолугуна каршы кылмыштар жана өзгөчө ири өлчөмдөгү мыйзамсыз баңгизат жүгүртүү" беренеси боюнча издөөдө жүргөн.
"Кармалган адам Мароккодон Испанияга баңгизат ташууну уюштургандардын бири. 2021-жылы Канар аралдарынын архипелагынын түштүгүндө шектүү кеме аныкталган. Прокуратура кемени текшерүүгө уруксат берген. Натыйжада 595 таңгак же 18 тоннадан ашык гашиш баңгизаты табылган. Анда шектүү качып кетүүгө үлгүрүп, эл аралык издөөгө алынган", - деп айтылат маалыматта.
ИИМ шектүү азыр убактылуу кармоочу жайда экенин, аны экстрадициялоо маселеси ыйгарым укуктуу органдар тарабынан чечилерин кошумчалады.