Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Чүй облусунун Сокулук районунда мыйзамсыз диний билим берген медресе аныкталып, жабылганын билдирди.
Атайын кызматтын маалыматына ылайык, текшерүү учурунда медреседе атайын окуу программасы жок өлкөнүн ар тарабынан келген 12 жаштан 15 жашка чейинки жашы жете элек 7 бала билим алып жатканы аныкталган.
Учурда медресенин ишмердүүлүгү токтотулуп, окуучулар ата-энелерине өткөрүлүп берилгендиги айтылды.
"Ал эми мыйзамсыз диний ишмердүүлүктү уюштуруучуларга Кылмыш-жаза кодексинин 142-беренесинин 4-бөлүгүндө "Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө мыйзамдарды бузуу" боюнча каралган санкциялар колдонулууда", - деп жазылат маалыматта.