Чолпон-Ата шаарынын Бостери айылында 18 жаштагы жигит көлгө чөгүп кетип каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 16-июлда Ысык-Көл облустук милициясынан SUPER.KG порталына кабарлады.
Маалыматка ылайык, 14-июль күнү 102 кызматына 2006-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну көлгө чөгүп кетип каза болгондугу тууралуу билдирүү келип түшкөн.
"Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган. Анда каза болгон жарандын жакындары арыз жазуудан баш тарткан", - деп билдиришти милициядан.