Бишкектин чок ортосунда массалык мушташ болгон. Милиция 3 эркек, 1 кызды кармады

Бишкекте бейбаштыкка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-июлда Бишкектин Биринчи май РИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга 12-июль күнү саат 05:40 чамасында Чүй-Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде мушташ чыкканы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барган. Анда мушташтан 2 жигит түрдүү жаракат алып Улуттук госпиталга түшкөнү аныкталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү катары 4 жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.



                                            
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан