Жыл башынан бери 95,8 миң тонна эт өндүрүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 563 тоннага же 0,6 пайызга көп.
Министрлик эт өндүрүүнүн жогорулашы өлкөдө малдын санынын көбөйүшү менен түздөн-түз байланыштуу экенин кошумчалады.