Нарында каза болгон 3 жаштагы баланын өлүмү боюнча комиссия түзүлдү  

Нарын шаарында каза болгон 3 жаштагы баланын өлүмү боюнча комиссия түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 16-июлда Саламаттык сактоо министрлигинен билдирди.

Маалымдалгандай, 2021-жылы туулган наристенин ата-энесинин кайрылуусу социалдык тармактарга тараган.

Бул ишти иликтөө үчүн Саламаттык сактоо министрлигинин алдында атайын комиссия түзүлгөн.

"Комиссия наристеге көрсөтүлгөн медициналык жардам жана эмдөө тууралуу иштерди текшерүүгө киришти. Иликтөөнүн жана соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет", - деп айтылат маалыматта.

Бул иш саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин көзөмөлүнө алынгандыгы кошумчаланды.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан