17-июлда күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, түнкүсүн Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +14…+19, күндүз +28…+33,
Талас облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +27…+32,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +31…+36,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +12…+17, күндүз +22…+27,
Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +24…+29.
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткүн өтүшү күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +30…+32 градус болот.