Бишкекте жолдорду оңдоо иштери уланып жатат.
Бишкек мэриясы жолу жасалган Жусуп Абдрахманов көчөсүнүн дрондон тартылган видеосу менен бөлүштү.
Белгилей кетсек, 15-июлда Байтик баатыр/Абдрахманов көчөсүнүн Кулатов көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылган.
Эми 18-июлдан тарта капиталдык оңдоо иштери Чүй проспектисинде башталат. Биринчи этапта Чүйдүн Манас проспектисинен Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.