Борбор калаада 18-июлдан тарта Чүй проспектисинде жолду капиталдык оңдоо жумуштары башталат. Бул туурасында мэриядан кабарлашты.
Маалымдалгандай, капиталдык оңдоонун биринчи этабында Чүй проспектисинин Манас проспектисинен Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки аралыгы жабылат.
Белгилей кетсек, Чүй проспектисинде жол тилкеси Манас проспектисинен Төрөкул Айтматов көчөсүнө чейин бир нече этап менен капиталдык оңдоодон өтөт.