Оштогу селден кийин дайынсыз болуп изделип жаткан жарандын жансыз денеси коңшу Өзбекстандан табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Андагы маалыматка ылайык, бүгүн, 16-июль күнү 1985-жылы туулган Б.А. аттуу жарандын сөөгү Өзбекстандын куткаруучулары тарабынан Андижан шаарындагы сайдан табылды.
Белгилей кетсек, издөө ишин жүргүзүү боюнча Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кайрылуусунун негизинде Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары издөө-куткаруу ишин жүргүзүшкөн.
Маалым болгондой изделип жаткан жаранды 14-июль күнү Ош шаарындагы Борбордук базардан сел агызып кеткен. Ал ошондон бери изделип жаткан.
Белгилей кетсек, 14-июлда катуу келген селден улам Ош шаарындагы «Мөл-Булак» эс алуучу жайынан 4 киши агып кеткендиги боюнча маалымат кабарланган. Суу 44 жаштагы аялды жана анын 6, 10 жана 19 жаштагы кыздарын алып кеткен. Ошол күнү кечинде 6 жашар кыздын сөөгү Өзбекстандын аймагынан табылган.