Бишкектеги №4 автобустук каттамдын кыймылы жарым-жартылай өзгөртүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлады.
Эртең, 17-июлдан тартып №4 автобустук каттам төмөнкүдөй каттайт: Ак Өргө конушунан Кожзаводго (Дордой) чейин.
Белгилей кетсек, өзгөртүүлөр транспорттук тейлөөнү жакшыртуу жана жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуу жана натыйжалуу кыймылын камсыздоо максатында киргизилген.