Бүгүн, 17-июлда мамлекет башчысы Садыр Жапаров кезектеги маегинде көрүстөндөрдүн жерин 25 жылдан кийин колдонууга уруксат бере турган мыйзам бар экендигине токтолуп, шарият боюнча мусулман баласынын көрүстөнүн үстүнө баалуу таштарды чектирип сүрөт коюуга, темирден тосмо тосууга, цемент-бетон колдонууга тыюу салгандыгын билдирди.
“Биздин өлкөнүн 94 пайызын тоолор ээлейт. Түз жерлерибиз болгону 6 пайызды түзөт. Жыл өткөн сайын түз жерлерибиз ого бетер тарып, азайып барат. Элдин саны жылдан жылга өсүүдө. Элдин саны өскөн сайын тамак-аш көп керектелет. Ошондуктан биз бүгүнкү күн менен жашабашыбыз керек.
Ар бирибизде “40-50 жылдан кийин биздин балдарыбыз, келечек муундарыбыз кандай жашайт?” деген санаа болуш керек. Аларга бүгүн кам көрбөсөк, кийин чындап эле алар үчүн чоң баш оору болот. Мына ошондуктан капталга эмес, бийиктикке өсөлү деп Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишин катуу жандандырдык. Жыл сайын казынадан каражат бөлүп берип жатабыз.
Жакынкы жылдарда айылдарга чейин кабат-кабат үйлөрдү курууга жетишебиз. Азырынча үйлөрдү куруу боюнча иштерибиз айрым кичи шаарлар менен райборборлорго жетти. Эгер бийик кабат үйлөрдү куруу иштери бүгүнкүдөй темп менен уланса, 10-15 жылдан кийин Кыргызстандын ар бир жаранында үй көйгөйү болбойт”, - деп билдирди өлкө башчысы.
“Ошондой эле шарият боюнча кайсы көрүстөн болбосун акыркы сөөк коюлуп, ал көрүстөн жабылгандан соң 25 жылдан кийин ал көрүстөндүн үстүн колдоно берсе болот деген чечим бар.
Жогорку Кеңеш кабыл алган тийиштүү мыйзамдарда дагы мындай ченем белгиленген.
Жогоруда мен өз айылымдан гана мисал келтирдим. Илгери көрүстөн болуп жаткан жерлерди Союз тарагандан кийин үй салганга бөлүп берген. Азыр тамдар түшүп, жапжакшынакай эле огород кылып иштетип жатышат”, - деди Садыр Жапаров .