Кыргызстанда сутка ичинде 21 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 21 бөлүм тартылды. Бул тууралуу бүгүн, 17-июлда ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунда 8, Чүй облусунда 5, Бишкек шаарында 4, Ош облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 2, Ош шаарында 1 өрт кырсыгы катталган.
Ал эми Куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болгон.