"Кыргызстанда популист жана мамлекетчил болуп саясатчылар экиге бөлүнөт". Мындай пикирин өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн, 17-июлда маек берип жатып билдирди. Анын айтымында, ал мамлекетчил саясатчылардын катарын толуктайт.
“Биздин өлкөдө саясатчылар эки түргө бөлүнөбүз. Биринчиси, популист саясатчылар. Алар шайлоодон шайлоого чейин гана жашайт. Резонанс маселе боло калса, куру кыйкырык салып, элге күйгөн киши болуп сындап чыга калышат. “Эл көрсүн” болушат. Элге жакшы көрүнүп калыш керек да. Анткени кийинки шайлоодо “эсиңердеби, мен минтип каршы чыккам, минтип сүйлөгөм, баланча маселеге каршы добуш бергем” деш керек да.
Экинчиси, мамлекетчил саясатчылар. Алар чечим канчалык оор болбосун, электораты канчалык каршы чыкпасын мамлекеттин келечеги үчүн чечилип жаткан маселе болсо, эч нерсеге карабастан кабыл алып кете берет. Биз саясатчылардын ушул түрүнө киребиз. Мамлекеттин, келечек муундун кызыкчылыгы үчүн, керекпи, тиешелүү чечим кабыл алып, ишти алдыга жылдырып кете беребиз. Бааны тарых өзү берет”, - деп билдирген ал.
Мындай пикирди өлкө башчысы “көрүстөндөргө темир-таштардан эстелик тургузууну токтотолу” деген элге кайрылуусунан соң айтылган сындардан кийин билдирип, айрым саясатчылар менен эсептешпей тургандыгын айтты.