Бүгүн, 17-июлда саат 14:00дө Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларга абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу сынагынын 1-туруна катышуу үчүн каттоо аяктайт. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.
Ага ылайык, сынакка катышуу үчүн каттоо https://2020.edu.gov.kg/ абитуриент онлайн маалыматтык системасы аркылуу жүргүзүлөт.
Ал эми ЖОЖдорго https://2020.edu.gov.kg/ онлайн маалыматтык система аркылуу тапшыруунун жол-жобосу тууралуу видеоинструкция – https://www.youtube.com/watch?v=qtJ9tMgIPhM.
Белгилей кетсек, жогорку окуу жайларга абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу сынагы 5 тур менен өтөт. Кабыл алуу графиктери – https://edu.gov.kg/posts/3197/.