Бишкекте 17-июлга караган күнү "Өспүрүм-Түн" аттуу түшүндүрүү иш-чарасы өтүп, анын жүрүшүндө жер төлө, жер астындагы өтмөктөр, парктар, скверлер жана башка болжолдуу чогула турган жерлер тыкыр текшерилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдирди. Натыйжада мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосу жок жүргөн 30дан ашык бала аныкталган. Укук бузуулар кодексинин 74-беренесине ылайык, 20 ата-энеге протокол түзүлүп, айып пул салынды. Кармалган балдарга жеринен ата-энелери чакыртылып, андан ары тарбиялоо жана көзөмөлдөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, балдар ата-энелерине тапшырылып берилишти.
Маалымдалгандай, иш-чаранын негизги максаты – калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, тактап айтканда, түн ичинде мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосу жок жүргөн, кароосуз, балдар мекемелеринин өз алдынча кетип калган, мамлекеттин жардамына муктаж балдарды аныктоо, аларга социалдык жактан жардам көрсөтүү. Ошондой эле балдар жана аларга келген ата-энелерге мыйзамдын талаптары менен тааныштыруу, кесепеттерин эскертүү, балдар арасындагы кылмыштуулукту жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болуп саналат.
Эскерте кетсек, "Кыргыз Республикасында балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар" жөнүндөгү мыйзамдын негизинде түнкү саат 22:00дөн таңкы саат 06:00гө чейин балдарга көчөдө, коомдук жайларда ата-энелери же чоң адамдардын коштоосусуз жүрүүгө тыюу салынат.