УКМК Камчыбек Ташиевдин бажасын кармады

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин бажасы кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-июлда айрым ЖМКлар өздүк булактарына таянып жазып чыгышты.

Бул маалыматты SUPER.KG порталына Биринчи май райондук сотунан ырастап, кармалган А.Т.О. аттуу жаран бир айга камакка алынганын билдирди. Маалыматка караганда, анын бөгөт чарасы 11-июлда каралып, УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчү менен 11-августка чейин тергөө абагына киргизилген.

Бирок шектүүнүн Ташиев менен жакындыгы тууралуу маалымат расмий тастыктала элек. Атайын кызматтын башчысы бул тууралуу комментарий бере элек.

Шектүү Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган кылмышка, башкача айтканда, өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылыкка айыпталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан