Бишкекте эртеңден тарта 10 автобустук каттамдын кыймылы өзгөрөт

Чүй проспектиси жабылганына байланыштуу 10 автобусттук каттамдын кыймылы өзгөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 17-июлда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Ага ылайык, Бишкекте бир нече көчөдө жолду капиталдык оңдоо жумуштары уланууда.

Эртең, 18-июлдан тарта Чүй проспектисинде жолду капиталдык оңдоо жумуштары башталат.

"Капиталдык оңдоонун биринчи этабында Чүй проспектисинин Манас проспектисинен Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки аралыгы жабылат", - деп айтылат маалыматта.

Буга байланыштуу №34, 48, 7, 17, 38, 42, 107, 166, 203, 212 автобус каттамдарынын кыймыл чиймеси өзгөрдү.

Өзгөргөн кыймыл чиймелер тууралуу толук маалымат төмөнкү ссылкада:
https://drive.google.com/file/d/1LkZwuBjrjcgXgy7NyHn88LXJeWx899O7/view?usp=sharing

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан