Чүй облусунун Токмок шаарындагы “Булак” базарында өрт коопсуздук эрежелери текшерилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Ага ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө бир катар мыйзам бузуулар аныкталып базар жетекчилигине, соодагерлерге, ашкана ээлерине акт, протоколдор түзүлүп, бузууларды жоюуга мөөнөт чектөө менен эскертүү берилди.
"Токмок шаарындагы Булак базарында 1400дөн ашуун контейнерлерде соодагерлер соода кылышат.
ӨКМ кызматкерлери дайыма базар администрациясы менен биргеликте түшүндүрүү иш-чараларын жана өрт коопсуздук эрежерин бузууларды жоюу боюнча иштерди жүргүзүп келет", - деп жазылат анда.