18-июлда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт. Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматынан билдиришти.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +15…+20, күндүз +28…+33,
Талас облусунда түнкүсүн +13…+15, күндүз +26…+28,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +29…+34,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +10…+15, күндүз +23…+28,
Нарын облусунда түнкүсүн +9…+11, күндүз +25…+27.
Бишкекте өткүн өтөт. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +29…+31 градус болот.