Бишкек шаарынын Октябрь райондук билим берүү башкармалыгынын жетекчиси пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын март айында Эсептөө палатасынын маминспектору мектептердин жана мектепке чейинки мекемелердин жетекчилеринен пара алып жаткан жеринен кармалган.
"Тергөөнүн жүрүшүндө ал Октябрь райондук билим берүү башкармалыгын текшерүү учурунда отчетто каржылык одоно мыйзам бузууларды көрсөтүү шылтоосу менен акча талап кылганы аныкталган. Тактап айтканда, аталган инспектор тийиштүү акчаны алгандан кийин 22 билим берүү мекемесинин каржы-чарбалык ишмердүүлүгүн текшерүүгө албоо ниетин билдирип, жыйынтыгында окуучулардын ата-энелеринен ар кандай шылтоолор менен акча каражаты талап кылынган", - деп жазылат анда.
Бишкек шаарынын Октябрь райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы Э.Л. тарабынан билим берүү жана мектепке чейинки мекемелердин жетекчилерин ар кандай жолдор менен акча каражаттарын мыйзамсыз чогултууну уюштурууга мажбурлаганы аныкталган.
Мектеп жана бала бакчалардын директорлору тарабынан мектептерден 25 миң сомдон, бала бакчалардан 20 миң сомдон алынып, жалпысынан 189 миң сом жана 5100 доллар чогултулган.
"Аталган акча каражаты Э.Л.га которулуп, ал маселени оң чечүү, аныкталган мыйзам бузууларды жашыруу жана текшерүүнү андан ары формалдуу жүргүзүү үчүн акча каражатын Эсеп палатасынын мамлекеттик инспектору М.Ф.га берүүгө тийиш болгон.
Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-2-пункту менен кылмышка шектүү катары Э.Л. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп жазылат маалыматта.
Учурда аталган кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланып жатканы кабарланат.