Бүгүн, 17-июлда Чолпон-Ата шаарында эки жигит сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, каргаша саат 11:00 чамасында болгон. Милиция 20 жана 21 жаштагы жигиттердин сөөгү моргго өткөрүлүп, медициналык экспертиза дайындалганын билдирди.
Маркумдар Бишкектен эс алууга барышкан.