Бүгүн, 17-июль күнү Париждин мэри Анн Идальго шаарды кесип өткөн Сена дарыясында сүзүгөнүн чет элдик басылмалар жазууда.
Ал муну дарыя Олимпиада оюндарындарынын алкагында өтө турган сууда сүзүү боюнча мелдештерге ылайыктуу экенин далилдөө үчүн жасаган. Ошондой эле бул иш-чарага Олимпиада оюндарын уюштуруу комитетинин башчысы Тони Эстанге дагы катышкан.
Буга чейин 12-июлда өлкөнүн спорт министри дарыядагы суунун сапатына болгон тынчсызданууну жокко чыгаруу үчүн Сенада сүзгөн. Франциянын президенти Эммануэль Макрон да мелдештер башталганга чейин сүзөрүн убада кылган.
Бийлик өкүлдөрүнүн мындай кадамдарга барышына адистертин Сенадагы суунун сапаты мелдештерди өткөрүү үчүн кооптуу деген билдирүүлөрү себеп болууда. Бийлик дарыяда болжол менен 1,4 миллиард еврого тазалоо иштерин жүргүзгөнүн айтып жатат.
Эске сала кетсек, Олимпиаданын ачылыш аземи 2024-жылдын 26-июлунда Сена дарыясында өтөт. Салтанатта коопсуздукту камсыздоо үчүн 40 миң укук коргоо кызматкери тартылат. Мелдеш 11-августка чейин уланат.