Каталондук "Барселона" клубунун жана Испания курама командасынын жаш чабуулчусу Ламин Ямал сүйүктүүсүн биринчи жолу көрсөттү.
Футбол боюнча Европа чемпиондугунун финалынан кийинки сыйлоо аземинде Ламин Ямал бир кызды жетелеп чыккан. Ал Барселонада окуган студент Алекс Падийя экени белгилүү болгон. Сыйлоо аземинен кийин кыз Ламин Ямал уткан статуэтканы кармап, футболчу менен жетелешип жүргөн.
Буга чейин алардын мамилеси расмий түрдө айтыла элек болчу. Европа чемпиондугу башталгандан бери Алекс Падийя футболчунун үй-бүлөсү менен чогуу жүргөн. Айрым маалыматтар боюнча, кыз футболчудан 3 жашка улуу.