УКМК Камчыбек Ташиевдин бажасы боюнча билдирүү жасады

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Камчыбек Ташиевдин бажасы ири алдамчылыкка шектелип кармалганын расмий тастыктады.

УКМКнын маалыматына ылайык, А.Т.О аттуу Камчыбек Ташиевдин бажасы түркиялык жаран менен чогуу жергиликтүү ишкерди ири суммада алдаган деген шек менен кармалган.

"Тергөөнүн жүрүшүндө А.Т.О. аттуу жаран түркиялык А.С. аттуу жаран менен макулдашып алып, жергиликтүү ишкерлердин биринен ири суммадагы акчаны алган. Жыйынтыгында жергиликтүү ишкер тиешелүү арыз менен УКМКга кайрылган. Туугандык жакын мамилеси болгонуна карабай, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев объективдүү иликтөө жүргүзүү жана бардык күнөөлүүлөрдүн аракеттерине укуктук баа берүү тапшырмасын берген.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында жогорудагы жарандар кармалып, Биринчи май райондук сотунун чечиминин негизинде убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда жабырлануучуга компенсация төлөп берүү чаралары көрүлүүдө", - деп билдиришти УКМКдан.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин бажасы кармалганын жазып чыгышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан