Бүгүн, 17-июлда Жогорку Кеңештин депутаттары Гуля Кожокулова жана Чыңгыз Айдарбеков Жазаларды аткаруу кызматынын мекемелеринин, ошондой эле Свердлов райондук сотунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарага Юстиция министри Аяз Баетов, Санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева, ошондой эле тиешелүү жетекчилер катышты.
Алгач эл өкүлдөрү Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагында болуп, андагы видеоконференцбайланыш бөлүмдөрү менен таанышты. Андан соң Свердлов райондук сотуна барып, ушундай эле видеоконференцбайланыш менен жабдылган сот залдарын да көрүп чыгышты.
"Андан тышкары, депутаттар Жазаларды аткаруу кызматынан да кабар алышты. Бул жерде аларга Маалыматтык технологиялар жана коммуникациялар боюнча башкармалыгынын Мониторинг борборунун иши, ошону менен бирге сот процесстерин автоматташтыруу жана соттук отурумдарды онлайн көрсөтүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу кеңири маалымат берилди", - деп билдирди Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы.