Футбол боюнча Испания курама командасы Еврону жеңгенден кийинки майрамдоосунан кийин Гибралтар футбол ассоциациясы УЕФАга арыз менен кайрылды. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, дүйшөмбү күнү Испания Мадридде жеңиш парадын өткөргөн. Майрамдоо учурунда турнирдин эң мыкты оюнчусу аталган Испаниянын жарым коргоочусу Родри микрофонду алып сахнага чыгып: "Гибралтар - Испания" деп кыйкырган.
Өлкө 2013-жылдын май айында УЕФАнын толук кандуу мүчөсү катары таанылган жана ошол эле жылы УЕФА өлкөлөр ортосундагы мамилелер чыңалгандан улам Гибралтар менен Испанияны ири турнирлерге тандоо тайпаларында өзүнчө бөлүүнү чечкен.
Испаниянын дүйшөмбү күнкү майрамынан кийин Гибралтар футбол ассоциациясы бул сөздөрдү "өтө чагымчыл жана агрессивдүү" деп мүнөздөп, УЕФА уюмуна арыз менен кайрылган.