Brand Finance консалтинг компаниясы дүйнөдөгү эң кымбат футбол бренддеринин тизмесин түздү.
Каржылык жактан эң ийгиликтүү долбоорлордун рейтингинде алдыңкы орунду Чемпиондор лигасынын учурдагы жеңүүчүсү "Реал Мадрид" алды. Анын баасы өткөн жылдан бери 16 пайызга жогорулады. Клубдун баасы азыр 1,685 миллиард еврону түзөт.
Өткөн жылы дүйнөнүн эң кымбат клубу англиялык "Манчестер Сити" болгон. Ал азыр экинчи орунда (1,611 миллиард евро). Рейтингде үчүнчү орунду "Барселона" ээлейт – анын баасы 1,542 миллиард евро.
4-5-орундарды англиялык "Манчестер Юнайтед" (1,398 миллиард евро) жана "Ливерпуль" (1,380 миллиард евро) ээледи. Кийинки орундарда "Бавария" (1,236 миллиард евро), ПСЖ (1,208 миллиард евро), "Арсенал" (996 миллион евро), "Тоттенхэм" (868 миллион евро) жана "Челси" (838 миллион евро) турат.