Оштогу селде жылаңайлак кызмат кылып жүргөн милиция айым Садокат Ходжамова менен маек

14-июлда Ошто нөшөрлүү жааган жаандан улам сел жүрүп, чогулган суулардан улам Ак-Буура дарыясы нугунан ашып, шаардын аймагындагы базарларды, эс алуучу жайларды, үйлөрдү каптап кетти.

Дарыядан агып келген селдин суусу алгачкылардан болуп Төлөйкөн аймагындагы эс алуучу жайларга залакасын тийгизген. Табият апаатынан келген кырсык тууралуу видеолор, сүрөттөр коомчулукка желдей тарады.

Дал ушул күнү адаттагыдай кызматына чыккан Садокат Ходжамова эс алуучу жайларды кыдырып, туристтердин жана коноктордун коопсуздугун карап жүргөн. Каптаган селден улам нес абалга түшкөн элге жардам берип жүрүп бут кийиминин бар-жогуна кайыл боло кызмат кылган милиция айымдын сүрөтү интернетке тарап, элдин алкоосуна татыды.

SUPER.KG порталы туристтик милиция Садокат айым менен маек куруп, селде болгон окуя жана анын интернет желесине тараган сүрөтү, кызматы тууралуу маек курдук.

Эс алуучу жайлардагы коопсуздукту колго алган айым

- 2022-жылдын 7-ноябрынан тартып Ош облусунун ички иштер башкармалыгында туристтик милиция катары кызмат кылып келем. Негизги милдетибиз - облус аймагындагы эс алуучу жайлардын, парктардын коопсуздугун карап, ал жерге келген туристтерге жана конокторго алгачкылардан болуп жардам берүү. Алардын тынч жана коопсуз кооз жерлерибизди көрүп кетүүсүнө өбөлгө түзүү болуп саналат.

Бир заматта баарын нес кылган сел

- Ош шаарында жана облусунда сел жүргөн күнү адаттагыдай өз кызматыбызга чыкканбыз. Биз кесиптешим Али Турдалиев экөөбүз Ош шаарына жанаша жайгашкан Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн айылындагы эс алуу жайлардын коомдук коопсуздугун кароо үчүн бөлүнгөнбүз. Нөшөрлүү жаандан соң катуу сел келип, каналдын суусу өз нугунан ашып эс алуучу жайларды каптап кетти. Мындан мурунку Абшыр-Атадагы сел жарандарды кооптондуруп койгон сыяктуу. Анткени баары эле ошол окуяны айтып, жарандар аман болсо экен, эми кандай кылабыз деп алапайын таппай калышты. Дал ушул учурда жардамга барып, жарандарды коопсуз жакка чыгаруу, психологиялык жактан жардам берүү алгачкы милдетибиз болду.

Айлананын баары баткак, суу, селдин суусу кыркалардан толук агып бүтө элек. Ошол учурда бут кийимимдин бир тарабы ылайга батып, калып калды. Аны алып чыгып, кийүүгө менде убакыт жок эле. Ойлонбой туруп экинчи тарабымды ыргыта салып, жаш балдарды, наристелерди, аялдарды коопсуз жактарга чыгарууга жардамымды уланттым. Андай учурда негизги милдет жарандарга жардам берүү болуп калат. Анткени биз кызматка элге, жерге жардамым тийсин, тынчтык болсун деп ант берип келгенбиз. Андыктан жылаңайлак басып жүргөнүм деле мен үчүн маанилүү эмес болчу. Кайсы кесиптешим болбосун мендеги жагдайды кайталап, жардамын биринчи элге тийгизмек. Ошол учурда тартылган сүрөттөр коомчулукка тарап кетиптир. Эң башкысы жарандарыбызды коопсуз жакка алып чыгып алдык, колумдагы наристени эсен-соо ата-энесине тапшырдым. Кийинки күнү кадимкидей эле өз милдетибизди аткарууга чыктык. Бутумдун тытылганы, ооруганы окуядан эки күн өткөндөн кийин гана сезилди.

Бирдей тартипти талап кылган кызмат

- Биздин кесипте эркек же аял деп бөлүнүп кызмат кылуу жок. Ант берип келген соң күнү-түнү кандай жагдай болбосун, тобокелге салган учурда артка кайтпай, өз милдетиңди аткарышың керек. Кесибим өзүмө жагат. Алган айлыгымды актап, пайдам элиме тийсе дейм. Үйгө келип балдарымдын курсагын тойгузуп, жумушума барып элге кызмат кылып жүрөм. Ар бир болгон окуя жүрөгүмдүн түпкүрүнөн өтөт. Жаратылыш кырсыгы да айттырбай келет экен. Тилсиз жоо деп бекеринен айтылбайт тура. Андыктан кыргызстандыктарга, дүйнө элине тынчтык каалайм.

SUPER.KG порталы да жаратылыш кырсыгында кызмат кылган баардык кызматкерлерге ыраазычылык билдирет. Бөөдө-кырсыктан баарыбыз алыс бололу!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан