Ошто сел кесепетин жоюуга 370 куткаруучу тартылды

Ош облусунда сел кесепетин жоюуга 370 куткаруучу тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Ага ылайык, бүгүн, 18-июль күнү сел кесепеттерин жоюуга 40 техника, 370 куткаруучу, 15 мотопомпа, Жарандык коргонуу кызматынан 22 инженердик техника жана 19 мотопомпа тартылды.
Ал эми жарандарды таза суу менен камсыз кылуу үчүн 2 өрт өчүрүүчү унаа иштеп жатканы айтылат.
"Кара-Суу райондук Жарандык коргонуу кызматтарынан жалпы 770, облустук Жарандык коргонуу кызматтарынан 50 жана 21 милиция кызматкери тартылды.
Кечээ, 17-июль күнү селден жабыркаган Кара-Суу районунун Датка жана Манас айыл аймагында сел кирген турак үйлөр толук тазаланып бүттү", - деп жазылат анда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан