Абайлагыла, шылуундар! MEGA сизди коопсуздук эрежелерин сактоого жана алдамчылардан коргоого чакырат


Санариптик технологиялардын өнүгүшү менен уюлдук операторлордун абоненттери, коммерциялык банктардын кардарлары жана маркетплейс колдонуучулары мессенджерлерде жана социалдык тармактарда шылуундарга көбүрөөк туш болуп жатышат.

Алдамчылыктын эң кеңири тараган түрү смартфон ээлеринин электрондук капчык эсептеринен да, банктык карт эсептеринен да акча каражаттарын уурдоо бойдон калууда. Бул үчүн алдамчылар ар кандай ыкмаларды колдонушат: социалдык инженерия, зыяндуу мобилдик программалык камсыздоо (вирустар) жана башкалар. Албетте, уюлдук операторлор шылуундарга каршы аракет көрүүдө, бирок абоненттер өздөрү да сак болушу керек, анткени алар өз маалыматтарынын жана каржысынын коопсуздугуна кайдыгер мамиле жасаса, бардык аракеттер текке кетет.

Урматтуу абоненттер, этият болуңуздар!

- WhatsApp же Telegram аркылуу белгисиз номерлерден келген чалууларга, видео чалууларга жана билдирүүлөргө жооп бербеңиз!

- Шектүү шилтемелерди баспаңыз.

- Жеке маалыматыңыз менен бөлүшпөңүз. Эсиңизде болсун, MEGA кызматкерлери сиздин маалыматтарыңызды тастыктоо жана Жазылуу келишиминин жарактуу мөөнөтүн узартуу үчүн абоненттерден SMS коддорун сурабайт.

MEGA фишингге жана алдамчылыктын башка түрлөрүнө каршы зарыл чараларды көрөт жана абоненттерди электрондук капчыктын же банк картасынын балансындагы акча каражаттарын кылмышкерлердин чабуулдарынан коргоо үчүн максималдуу кыраакы болууга чакырат.

MegaPay шилтемелер аркылуу төлөө үчүн ваучерлерди колдонбойт жана түзбөйт!

Колдонуучуларга шектүү шилтемелер аркылуу өтпөөнү же спам билдирүүлөрүндөгү компаниялардын расмий сайттарында маалымат жок болгон викториналарга/лотереяларга катышпоону сунуштайбыз.

Алдамчылык аракеттерден улам каражаттарды жоготуук оркунучун болтурбоо үчүн, MEGA дагы бир жолу сизгеэскертет:

белгисиз же шектүү шилтемелер (Интернеттеги сайттардыже баракчаларды) аркылуу өтпөңүз;

эч кандай шартта төмөнкү жашыруун маалыматтарды үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбаңыз: SMS, авторизация жана тастыктоо коддорунан, ошондой эле банктык картаңыздын арткы бетинде көрсөтүлгөн CVV код;

мобилдик тиркемелерди расмий дүкөндөрдөн ганажүктөңүз (App Store, Google Play жана башкалар);

дайыма антивирустун эң акыркы версиясын колдонуңуз;

гаджетиңизге кандайдыр бир тиркемени орнотуп жатканда, суралган укуктардын тизмесине көңүл буруңуз(ар кандай кызматтарга же смартфондогу маалыматка жетүүукуктары).

Эгерде сиз алдамчылык аракеттерге туш болсоңуз, бултууралуу MEGA байланыш борборуна *500 номери боюнчак абарлаңыз. Бул компанияга абоненттер үчүн тобокелдиктерди аныктоо, жоюу жана алдын алуу боюнча зарыл чараларды көрүүгө мүмкүндүк берет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан