ИИМ өзүн Садыр Жапаровдун жардамчысы катары тааныштырган жаранды кармады

Бишкекте алдамчылыкка шектелип 46 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, А.А. аттуу жарандын арызынын негизинде Бишкек шаарынын 1978-жылы туулган Т.А. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

"Ал өзүн жабырлануучуга өлкө башчысынын жана УКМК төрагасынын жардамчысы катары тааныштырып келген. Шектүү февраль айында арыздануучуга кылмыш иши боюнча материалдык зыяндын ордун толтурууга жардам берүүнү убада кылып, андан 80 миң доллар алган. Бирок убадасына турбастан из жашырып кеткен", - деп айтылат маалыматта.

Кармалган жаранга "Алдамчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан