Ош шаарында 528 батирлүү ипотекалык үйдүн капсуласы салынды

Ош шаарынын Курманжан датка жана Сүйүмбаев көчөлөрүнүн кесилишинде Мамлекеттик ипотека программасынын алкагында жаңы "Асман резиденс №1 Ош" турак жай комплексинин курулушуна капсула салынды. Бул туурасында шаар мэриясынын маалымат кызматы кечээ, 17-июлда билдирди.

Маалымдалгандай, жалпы аянты 1,3 гектарды ээлеген жерге 12 кабаттан турган 8 үй курулат. Батирлердин жалпы саны 528. Курулуш мөөнөтү – 1,5 жыл. Турак жай комплексинде долбоорго ылайык, спорт жана балдар аянтчалары, жер алдындагы унаа токтоочу, коомдук тамактануучу жайлары жана соода дүкөндөрү болот.

Үйлөр курулуп бүткөндөн кийин батирлер турак жай программасынын катышуучуларына Мамлекеттик ипотекалык компаниянын порталында электрондук кезекте тургандарга кезек менен 4 жана 8 пайыздан жарандарга 15, 20, 25 жылдык мөөнөткө ипотекага берилет”, - деп кошумчаланган маалыматта.

Ага президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев, Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов, "Мамлекеттик ипотекалык компания" ААКсынын төрагасы Темиркул Балтабаев, муниципалдык ипотекалык ишкананын, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана шаар тургундары катышышты.

Белгилей кетсек, учурда өлкө боюнча 12 659 батирдин курулушу жүрүп жатат. «Менин үйүм 2021-2026» турак жай программасынын алкагында өлкө аймагында дагы 16 351 батирдин курулушу башталат. Жогоруда аталган турак жай программанын алкагында 29 миңден ашуун батирдин курулушу пландалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан