"Кылмыш жоопкерчилигине тартам деп коркутуп..." Чүйдө опузалап пара алган тергөөчү кармалды

Чүйдө Аламүдүн РИИБинин тергөөчүсү опузалап пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-июлда Ички иштер министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Ички иликтөө кызматына бир жаран арыз менен кайрылып, Аламүдүн РИИБинин кээ бир кызматкерлерине карата чара көрүүнү өтүнгөн. Жабырлануучу алар 11-июлда саат 18:00 чамасында башкармалыктын имаратында уурулук фактысы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартууну айтып коркутуп, кылмыш ишин токтотууга 50 миң сом талап кылышканын айткан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин (Опузалап пара алуу) 1-бөлүгү менен кылмыш иши козголгон.
17-июлда болжол менен саат 18:10до райондук бөлүмдүн иш бөлмөсүндө 30 миң сомду алгандан кийин 1996-жылы туулган Э.М. аттуу тергөөчү кармалган. Аны тинтүү учурунда чөнтөгүнөн мурда белгиленген 30 миң сом табылып алынып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан