
Таиландда өтүп жаткан Азия чемпиондугунда кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команда 4 медаль жеңди. Бул тууралуу бүгүн, 18-июлда Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кыз-келиндер күрөшү боюнча өспүрүмдөр курама командасы (U-15) Сирача шаарында 4 медаль (1 алтын, 3 коло) жеңишти.
"42 килограммга чейинки салмакта Асел Токтосун кызы алтын медалга ээ болду. Айдеми Асангазиева (46 килограмм), Аяна Асылбекова (50 килограмм) жана Асема Айтмырсаева (62 килограмм) 3-орунду ээледи", - деп жазылат анда.
Курама команда машыктыруучу Нурсултан Аскарбековдун жетекчилиги алдында мелдешке катышкан.