Баткенде аткезчилик жол менен жүк ташыган шектүү кармалды

Баткенде аткезчилик жол менен жүк ташыганга шектүү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, атайын кызмат Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери менен ушул жылдын 17-июлунда Лейлек районунун Кулунду айылынын Сай аймагында 1995-жылы туулган Чүй облусунун тургуну А.А. башкарып бара жаткан "Volkswagen LT46" үлгүсүндөгү унааны токтотушкан.

Аталган унаанын жүк бөлүгүн текшерүүдө чектеш тарапта өндүрүлгөн 100 түрмөк (ар бири 200 метрден) электр кабели табылган. Анын болжолдуу жалпы суммасы 800 миң сомду түзгөнү айтылат.

"Аталган факты Лейлек РИИБинин маалымат журналына каттоого алынды. Учурда иштин бардык жагдайларын жана ага тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө", - деп жазылат анда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан