Бишкек шаарында жолду капиталдык оңдоо жумуштары уланууда. Ага улай, бүгүн, 18-июлда Абдрахманов көчөсүнүн Бөкөнбаевден Москва көчөсүнө чейинки бөлүгү жана жол кесилиши ачылды. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Маалымдалгандай, Абдрахманов көчөсүнүн Киев көчөсү менен кесилиши унаа кыймылы үчүн жабылды.
Ошондой эле Чүй проспектисинин Манас проспектисинен Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки аралыгы жабылып, жол салуу жумуштары башталды.
Шаар бийлиги тургундардан жана коноктордон өзгөртүүлөрдү эске алуу менен сапарларын алдын ала пландаштырууну суранат.