УКМК Кеминдеги 1,8 миллиард сомдук кенди мамлекетке кайтарат (видео)

УКМК Чүйдүн Кемин районунда жайгашкан кен мамлекеттин балансына кайтарыларын билдирди.

Маалыматка ылайык, Чым-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан 196 гектар аянттагы карьерди мамлекеттин балансына кайтаруу иштери жүргүзүлүүдө. Тийиштүү баалоонун жыйынтыгы боюнча, аталган кендин баасы 1 миллиард 782 миллион 656 миң сомду түзөт.

"Аталган кен алтын рудасын аныктоо максатында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн "Боорду" ЖЧКсы тарабынан мыйзамсыз иштетилген. Тактап айтканда, жерди бөлүп берүү жол-жобосу жүргүзүлгөн эмес жана тиешелүү уруксат берүүчү документтер таризделген эмес", - деп айтылат маалыматта.

Учурда кенди мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Видео: УКМК
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан